БИЗДИН ОЛИМПИАДА 2020 старт алат!

Бизде сиздер үчүн жакшы жаңылык бар, 2019-жылдын биринчи октябрынан баштап Кыргызстандын жалпы аймагында “Аракет” фонду тарабынан уюштурулган БИЗДИН ОЛИМПИАДА 2020 старт алат. Биздин www.araket.kg сайтыбыздын БИЗДИН ОЛИМПИАДА бөлүмүнөн олимпиадалардын бирине катталсаңыз, ошондой эле кенири маалымат жана шарттары менен таанышсаңыз болот.

БИЗДИН ОЛИМПИАДА 2020

"Аракет" КООМДук Фонду

мектеп билимин өнүктүрүү

Фонд Кыргызстанда билим берүүнү, илимди жана инновацияларды өнүктүрүү, ошондой эле аларды өндүрүшкө жана таланттуу жаштарды колдоо аркылуу өлкөнүн жогорку билим берүү системасына киргизүү максатында түзүлгөн. Фонд Кыргызстандын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүнү өзүнүн миссиясы катары аныктаган... кенири маалымат

Биздин Олимпиада

Олимпиадалар илимдин ар башка жааттарындагы эң таланттуу окуучуларды аныктоо, ошондой эле каалаган окуучулардын баарына белгилүү илимий жааттагы өзүнүн билимин мелдештин шарттарында текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүү, окуучуларды илимий-изилдөө ишине тартуу максатында өткөрүлөт.

Он-Лайн олимпиада

Бүгүнкү күнү онлайн-тестирлөө системалары билим берүдө чыныгы революция жасаганын айтканыбыз аша чапкандык болбойт. Так ушул тестирлөө окуучулардын билимдерин баалоону өркүндөтүүгө жардам берди. Эми мугалимдерге сынак өткөрүү, ошондой эле өздөрүнүн окуучуларынын натыйжаларына жана прогрессине көз салуу абдан оңой болуп калды.

Биздин тест

Тестирлөө баалоонун эң сапаттуу жана объективдүү ыкмасы, анын объективдүүлүгү жүргүзүүнү стандартташтыруу, жалпы тапшырмалардын жана тесттердин көрсөткүчтөрүн текшерүү жолу менен жетишилет.

Экзаменге даярдоо

Ушуга байланыштуу, “Аракет” фонду тарабынан ушул сайт түзүлдү, азыркы убакта Кыргыз Республикасынын аймагында анын аналогдору жок. Биздин сайттын артыкчылыгы тестти кайра-кайра өтүүгө болот жана ар бир жолу Сиз жаңы суроолорду аласыз. Биздин тест ар кандай Олимпиадаларга гана эмес, чейректик сынактарга жана кирүү сынактарына дагы даярданууга мүмкүндүк берет.

БИЗДИН ДОЛБООРЛОР

Биз ар дайым жаңы долбоорлордобуз

Равным образом дальнейшее развитие различных форм деятельности требуют определения и уточнения позиций, занимаемых участниками в отношении поставленных задач. Не следует, однако забывать, что новая модель организационной деятельности влечет за собой процесс внедрения и модернизации систем массового участия.

“Келечекке кадам” олимпиадасы

“Келечекке кадам” олимпиадасы

2-11-класстардын окуучулары үчүн Биринчи Республикалык Комплекстүү On-line Олимпиада.
“Жогорку сапат” олимпиадасы

“Жогорку сапат” олимпиадасы

4-11-класстардын окуучулары үчүн математика, кыргыз жана англис тилдери боюнча Экинчи Республикалык Олимпиада;
“Шаарды багындыр” олимпиадасы - Бишкек

“Шаарды багындыр” олимпиадасы - Бишкек

Бишкек шаарынын 2-5-классттарынын окуучулары үчүн Экинчи Шаардык Комплекстүү Олимпиада.
“Шаарды багындыр” олимпиадасы - Ош

“Шаарды багындыр” олимпиадасы - Ош

Ош шаарынын 2-5-классттарынын окуучулары үчүн Экинчи Шаардык Комплекстүү Олимпиада.

Регистрация завершина

"Биздин Олимпиадага"

результаты олимпиад 2020

Суроолорго жооп

Сиз Олимпиадага катышуу үчүн биздин сайттын биринчи бетиндеги БИЗДИН ОЛИМПИАДА 2020 шилтемесин басып, тандалган Олимпиаданын каршысындагы “каттоо” баскычын басып жана каттоодон өтүү зарыл. Мында Сиз бардык Олимпиадаларга каттоодон өтүү менен бир убакта биздин бардык Олимпиадаларга катышсаңыз болот.

- “Жогорку сапат” Республикалык Олимпиадасы математика, кыргыз жана англис тилдери боюнча мектеп программасына ылайык өткөрүлөт, суроолордун баары мамлекеттик (кыргыз) жана расмий (орус) тилдеринде даярдалган. Математика жана англис тили боюнча Олимпиада базалык жана тереңдетилген деңгээлдерге бөлүү менен өткөрүлөт. Кыргыз тили боюнча Олимпиада жалпы билим берүү программаларына бөлбөстөн өткөрүлөт жана базалык деңгээл боюнча өтөт.

- Бишкек жана Ош шаарларынын мектептеринин 2-5-класстарынын окуучулары үчүн “Шаарды багындыр” Олимпиадасы мектеп программасынын негизги сабактары боюнча өтөт. Суроолордун баары мамлекеттик (кыргыз) жана расмий (орус) тилдеринде даярдалды.

- 2-11-класстардын окуучулары үчүн “Келечекке кадам” Республикалык On-Line Олимпиадасы мектеп программасынын негизги сабактары боюнча өтөт. Суроолордун баары мамлекеттик (кыргыз) жана расмий (орус) тилдеринде даярдалган. Бул Олимпиаданын бардык этаптары, анын ичинен Республикалык тур/финалы он-лайн режиминде өтөт.

“Келечекке кадам” Республикалык On-Line Олимпиадасына катышуу үчүн каттоо төгүмү (үч турдун баарына) РСК банкка төлөөнү суранабыз. Төлөп жаткан убакта банктын кассирине алты сандуу кодду (система каттоонун жыйынтыгы боюнча сизге берет, мисалы 001234), ошондой эле Олимпиаданын катышуучусунун ФИО жана байланыш маалыматтарын берүүнү суранабыз. Каттоо төгүмү: райондук тур - 100 сом, облустук тур- 300 сом, Республикалык тур/финал – 1000 сом. 

“Жогорку сапат” жана “Шаарды багындыр” Олимпиадасына (бардык турларына) катышуу үчүн каттоо төгүмүн жогоруда аталган Олимпиадалар өткөн күнү жана ордунда төлөсөңүз болот.

“Жогорку сапат” Республикалык Олимпиадасынын каттоо төгүмү: райондук тур – 150 сом, облустук тур - 350 сом, Республикалык тур/финал - 1000 сом.

“Шаарды багындыр” Шаардык Олимпиадасынын каттоо төгүмү: райондук тур - 200 сом, шаардык тур/финал - 500 сом.

“Жогорку сапат” Республикалык Олимпиадасынын бардык турларынын жыйынтыктарын Сиз биздин www.araket.kg сайтында “жыйынтыктар” бөлүмүнөн билип алсаңыз болот.

Бишкек жана Ош шаарларынын “Шаарды багындыр” Шаардык Олимпиадаларынын бардык турларынын жыйынтыктарын  www.kids.araket.kg сайтында “жыйынтыктар” бөлүмүнөн билип алсаңыз болот.

“Келечекке кадам” Республикалык On-Line Олимпиадасынын бардык турларынын жыйынтыктары тест бүткөндө автоматтык түрдө берилет, ошондой эле жеке кеңседе сакталып турат.

“Жогорку сапат” Республикалык Олимпиаданын өтүү убактысы 60 мүнөт. Суроолордун саны – 35. Максималдуу балл - 100.

“Шаарды багындыр” Шаардык Олимпиаданын өтүү убактысы 60 мүнөт. Суроолордун саны – 35. Максималдуу балл - 100.

“Келечекке кадам” On-Line Олимпиаданын өтүү убактысы 60 мүнөт. Суроолордун саны – 35. Максималдуу балл - 100.           

Биздин Олимпиадалардын бардык турлары өтүүчү мөөнөттөр жана орундар жөнүндө www.araket.kg, www.kids.araket.kg сайттарынан, ошондой эле Инстаграмдагы nasha_olimpiada жана nasha_olimpiada_kids барактарынан билип алсаңыз болот. Биздин сайттан каттоодон өткөндөргө Олимпиадалар өтүүчү мөөнөт жана орундар жөнүндө СМС билдирүү жиберилет.

Ооба албетте, Сиз бир убакта бир же бир нече Олимпиадаларга катышсаңыз болот, эң башкысы сиздин каалооңуз )))           

Болбойт, тестти бир жолу гана тапшырат.      

Биздин жаңылыктар

"БИЗДИН ОЛИМПИАДА 2020" октябрдын башында башталат

Бизде сиздер үчүн жакшы жаңылык бар, 2019-жылдын биринчи октябрынан баштап Кыргызстандын жалпы аймагында “Аракет” фонду тарабынан уюштурулган БИЗДИН ОЛИМПИАДА 2020 старт алат.

09.09.2019