"БИЗДИН ОЛИМПИАДА 2020" октябрдын башында башталат

Бизде сиздер үчүн жакшы жаңылык бар, 2019-жылдын биринчи октябрынан баштап Кыргызстандын жалпы аймагында “Аракет” фонду тарабынан уюштурулган БИЗДИН ОЛИМПИАДА 2020 старт алат.

Быйыл окуучуларга ыңгайлуу болсун үчүн “Аракет” фонду ар башка предметтер боюнча 4 олимпиада уюштуруп жатат, алардын ичинде:

- “Жогорку сынам” олимпиадасы – 4-11-класстардын окуучулары үчүн математика, кыргыз жана англис тилдери боюнча Экинчи Республикалык Олимпиада;

- “Борбор шаарды багындыр” олимпиадасы – Бишкек шаарынын 2-5-классттарынын окуучулары үчүн Экинчи Шаардык Комплекстүү Олимпиада;

- “Борбор шаарды багындыр” олимпиадасы – Ош шаарынын 2-5-классттарынын окуучулары үчүн Экинчи Шаардык Комплекстүү Олимпиада;

- “Келечекке кадам” олимпиадасы – 2-11-класстардын окуучулары үчүн Биринчи Республикалык Комплекстүү On-line Олимпиада.

Сиз Олимпиадага биздин www.araket.kg сайтыбыздын БИЗДИН ТЕСТ бөлүмүнөн Сизди кызыктырган мектеп предмети боюнча тесттерди тапшыруу менен  даярдансаңыз болот.

Биздин www.araket.kg сайтыбыздын БИЗДИН ОЛИМПИАДА бөлүмүнөн олимпиадалардын бирине катталсаңыз, ошондой эле деталдуу маалыматтар жана шарттары менен таанышсаңыз болот.

aртка